# 7-берене. Технопарктардын мамлекеттик реестрине технопарктарды киргизүүнүн тартиби

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 7-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-7

---

1. Технопарктардын резиденттерине ушул Мыйзамдын 16-беренесинде белгиленген мамлекеттик колдоо чараларын көрүү максатында ыйгарым укуктуу орган Технопарктардын мамлекеттик реестрин (мындан ары - ТМР) түзөт жана жүргүзөт.

2. ТМРди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. ТМРге киргизилген маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш.

3. ТМРди жүргүзүү ага Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн технопарктар жөнүндө маалыматтардын киргизилишин, маалыматтар өзгөргөндө, ошондой эле технопарктар статусун жоготкондо алардын жаңыланышын өзүнө камтыйт.

4. Технопарк Технопарктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде ТМРге киргизилет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-8)
