# 6-берене. Консультациялык-методикалык жардам жана кийлигишүүгө тыюу салуу

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 6-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети технопарктарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) аныктайт, алардын ыйгарым укуктарына технопарктардын потенциалдуу резиденттерине, базалык уюмдарга консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү кирет.

2. Технопарктардын ишин мамлекеттик колдоо ушул Мыйзамдын 16-беренесинде көрсөтүлгөн чараларды көрүү формасында болушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик колдоонун көрүлгөн чараларын пайдаланууну контролдоо учурларын кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын же кызмат адамдарынын технопарктардын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-7)
