# 26-берене. Технопарктын резиденти статусунан ажыратуу

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 26-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-26

---

1. Технопарктын резиденти технопарктын резидентинин статусунан ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды бузуу же технопарк менен түзүлгөн келишимдин башка шарттарын бузуу фактылары аныкталганда ажыратылышы мүмкүн.

Технопарктын резидентин каттоо технопарктын дирекциясы тарабынан технопарктын ИТКсынын сунушу боюнча, салык жана бажы органдарына. башка кызыкдар түзүмдөргө кабарлоо менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

2. Технопарктын резиденти статусунан ажыратуу жөнүндө чечим жана технопарктын резидентинин баштапкы каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.

3. Технопарктын резиденти статусунан ажыратуу технопарктын резидентинин арызынын негизинде да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-27)
