# 25-берене. Технопарктардын резиденттерине мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролду жүзөгө ашыруу

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 25-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-25

---

1. Технопарктардын резиденттерине ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоо чараларынын көрсөтүлүшүн контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Ыйгарым укуктуу орган:

1) технопарктардын резиденттеринин реестрин жүргүзөт;

2) технопарктардын дирекцияларынын мамлекеттик колдоо чараларынын ишке ашыруу боюнча отчетторун кабыл алат;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте технопарктардын ишине пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоонун айрым чаралары көрсөтүлгөн технопарктардын резиденттеринин реестринде башка маалыматтар менен катар, технопарктардын дирекциясы, технопарктардын базалык уюмдары жана резиденттери жөнүндө маалыматтар камтылат. Технопарктардын резиденттеринин реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоонун айрым чаралары көрсөтүлгөн технопарктардын резиденттеринин реестринде каралган маалыматтар таанышуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жеткиликтүү болууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизгенден кийин 15 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине технопарктардын резиденттерине ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоо чараларынын көрсөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат жиберет.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-26)
