# 23-берене. Технопарктардын резиденттерине Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат берүүнүн тартиби

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-23

---

1. Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат технопарктардын резиденттерине алардын мындай маалымат берүү жөнүндө арыздарынын негизинде берилет.

2. Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат берүү жөнүндө арыздар технопарктардын резиденттери тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилет.

3. Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат берүү жөнүндө арыздарда башка маалыматтар менен катар төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) технопарктын резиденти сураган маалыматтардын тизмеги;

2) технопарктын аймагында мыйзамдуу иш жүргүзүү үчүн маалыматты пайдалануу зарылдыгынын негиздемеси.

4. Кыргыз Республикасында технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалымат берүү жөнүндө арыздар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-24)
