# 22-берене. Технопарктардын резиденттери үчүн салык жана бажы режимдери

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 22-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-22

---

ТМРге киргизилген технопарктардын резиденттери үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталган өзгөчө салык режими колдонулат. ТМРге киргизилген технопарктардын резиденттеринин ишин камсыз кылуу максатында ташып келинген жабдуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде (актыларда) жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте бажы преференциялары колдонулат. Технопарктардын дирекцияларынын кызматкерлери жана технопарктардын резиденттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-23)
