# 20-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү технопарктардын резиденттерине ижарага берүүнүн тартиби

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 20-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-20

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мүлкүн технопарктардын резиденттерине ижарага берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органы, муниципалдык органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, ошондой эле технопарктардын базалык уюмдары тарабынан бул мүлктүн резиденттер менен түзүлгөн ижарага берүү келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мүлкүн, базалык уюмдардын мүлкүн ижарага берүү жөнүндө технопарктардын резиденттери менен түзүлүүчү келишимдерде камтылган ижара төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ижара акысынын өлчөмүн аныктоонун жана аны төлөөнүн өзгөчөлүктөрүн белгилөө жолу менен мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү жөнүндө чечимдерге ылайык аныкталат. Ижара акысынын өлчөмүн аныктоодо төмөндөтүү коэффициенттери менен катар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка коэффициенттер да колдонулат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-21)
