# 18-берене. Мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү үчүн технопарктардын резиденттерин тандоо

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 18-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-18

---

1. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо чаралары технопарктардын резиденттерине тандоонун натыйжалары боюнча гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Мындай тандоонун критерийлери ушул Мыйзамдын 7 жана 8-беренелеринде белгиленген талаптарды эске алуу менен иштелип чыгат.

2. Ушул Мыйзамда аныкталган мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү үчүн технопарктардын резиденттерин тандоонун критерийлери жана тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана тиешелүү технопарктардын дирекциялары тарабынан ишке ашырылат. Мамлекеттик колдоо чаралары ТМРге киргизилген технопарктардын резиденттерине гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-19)
