# 16-берене. Технопарктарга жана технопарктардын резиденттерине көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо чаралары

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 16-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-16

---

Ушул Мыйзам менен технопарктарга жана технопарктардын резиденттерине көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоонун төмөнкүдөй чаралары белгиленет:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттерден субсидияларды берүү;

2) мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүү;

3) мамлекеттик же муниципалдык мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоонун, ошондой эле бул төлөмдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте киргизүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилөө;

4) өзгөчө укуктары Кыргыз Республикасына таандык болгон интеллектуалдык менчик объекттерин пайдаланууга укуктарды берүү, ошондой эле укук ээсинин макулдугу менен мындай объекттерге укуктарды берүү;

5) технопарктардын резиденттери болуп саналган ачык акционердик коомдордун уставдык капиталына салым катары республикалык же муниципалдык мүлктү, анын ичинде республикалык же муниципалдык бюджеттин каражаттарын киргизүү;

6) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарында каралган салык салууда жана башка төлөмдөрдү төлөөдө преференцияларды белгилөө;

7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын маалыматтык системаларына киргизилген документтерде камтылган технопарктарды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер боюнча маалыматтарды берүү;

8) технопарктарды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон тышкы экономикалык байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;

9) технопарктардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-17)
