# 14-берене. Технопаркты ТМРден чыгаруунун шарттары

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 14-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-14

---

1. Технопарк ТМРден төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо чыгарылат:

1) технопарк статусунун берилген мөөнөтү аяктаганда, бул мөөнөт узартылбаганда;

2) технопарк тарабынан белгиленген иштин шарттары аткарылбаганда;

3) республикалык бюджеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин каражаттарынан каржылоо алынган учурда бюджеттик каражаттар максатсыз чыгымдалганда;

4) технопаркка карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан банкрот жол-жобосу демилгеленгенде;

5) ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-6-пункттарында аныкталган шарттар сакталбаганда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздердин кайсынысы болбосун келип чыкканда, ыйгарым укуктуу орган технопаркты ТМРден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.

Эгерде технопарк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттуу программасынын алкагында түзүлсө, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы технопаркты ТМРден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдайт.

3. ТМРден чыгаруу технопаркты жана анын бардык резиденттерин мамлекеттик колдоонун бардык чараларын автоматтык түрдө токтотууга, анын ичинде жеңилдетилген салык салуу режимдерин жана бажы мыйзамдары жаатындагы преференцияларды токтотууга алып келет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-15)
