# 13-берене. ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 13-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-13

---

1. ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү төмөнкүдөй критерийлерге ылайык жүзөгө ашырылат:

1) технопарктын аймагында технологияларды киргизүү борборунун, бизнес-инкубатордун, окуу же илимий борбордун, тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүнүн борборунун болушу;

2) венчурдук инновациялык фонддун болушу;

3) технопарктын аны өнүктүрүү үчүн жетиштүү инфратүзүмүнүн болушу;

4) технопарктын кызмат көрсөтүүлөрүнүн номенклатурасынын, анын өнүгүү динамикасынын болушу;

5) чакан жана орто ишканалар, анын ичинде инновациялык бизнес-инкубатордун колдоосун алган ишканалар, ошондой эле мындай бизнес-инкубатордун курамында иштөөчү жаңы түзүлгөн илим камтылган ишканалар болуп саналган технопарктын резиденттеринин зарыл саны;

6) технопарктын аймагында анын резиденттери тарабынан уюштурулган жумуш орундарынын зарыл саны;

7) технопарктын резиденттеринин инновациялык долбоорлорун ишке ашыруу үчүн тартылган инвестициялардын тиешелүү көлөмү;

8) технопарктын резиденттери тарабынан жүктөп жөнөтүлгөн жеке өндүрүштөгү товарлардын, алар аткарган жумуштардын жана көрсөткөн кызматтардын, анын ичинде иштелип чыккан инновациялардын тиешелүү көлөмү;

9) технопарктын резиденттери тарабынан товардык продукция, жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр түрүндө ишке ашырылган илимий-техникалык иштелмелердин зарыл саны;

10) технопарктын резиденттери тарабынан иштелип чыккан жана сериялык (тажрыйбалык) өндүрүшкө кабыл алынган өнөр жай үлгүлөрүнүн зарыл саны.

3. ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү үчүн технопарктардын дирекциялары ар жыл сайын өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторду ыйгарым укуктуу органга берет. Отчетко анда көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоочу документтер тиркелет. Технопарктын ишинин натыйжалары жөнүндө отчеттун формасы, ошондой эле анда көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоочу документтердин тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

4. Ыйгарым укуктуу орган ТМРге киргизилген технопарктардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүү тууралуу отчетторун ар жыл сайын Технопарктарды өнүктүрүү боюнча комиссияга берет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-14)
