# 11-берене. Технопарктын илимий-техникалык кеңеши

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 11-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-11

---

1. Илимий-техникалык кеңеш (мындан ары - ИТК) технопарктын ишинин маселелери боюнча координациялоочу жана кеңеш берүүчү функцияларды аткаруучу технопарк органы болуп саналат.

2. Технопарктын ИТКсы технопарктын базалык уюмунун жетектөөчү кызматкерлеринен, бизнес-коомдоштуктан жана инновациялык иш жаатындагы эксперттерден турат.

3. Технопарктын ИТКсы технопарктын резиденттерин тандоодо жана каттоодо, ошондой эле технопарктын резидентинин статусунан ажыратууда тиешелүү корутунду берет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-12)
