# 10-берене. Технопарктын дирекциясы

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 10-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-10

---

1. Технопарктын ишин натыйжалуу камсыз кылуу максатында технопарктын базалык уюму технопаркты башкаруу органын - технопарктын дирекциясын түзөт.

2. Технопарктын дирекциясы технопарктын уставынын, ошондой эле технопарктын базалык уюму тарабынан бекитилүүчү ички документтин (жобо же башка документ) негизинде иштейт.

3. Технопарктын дирекциясы:

1) технопарктын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт;

2) Технопарктын илимий-техникалык кеңешинин сунушу боюнча технопарктын резиденттерин конкурстук тандоону уюштурат;

3) технопарктын резиденттери менен алардын ишинин шарттары жөнүндө келишим түзөт (узартат) жана келишимдин шарттарынын аткарылышын контролдойт;

4) технопаркты өнүктүрүү планын бекитет;

5) технопарктын инновациялык венчурдук фондун түзөт жана тескейт;

6) технопарктын резиденттеринин ишине аудит жана мониторинг жүргүзөт;

7) технопарктын резиденттеринин бирдиктүү реестрин жүргүзөт;

8) юридикалык жана жеке жактарга технопарктын резиденттери катары аларды баштапкы жана биротоло каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берет;

9) Технопарктын илимий-техникалык кеңешинин корутундусунун негизинде технопарктын резиденттерин белгиленген тартипте статусунан ажыратат;

10) технопарктын резиденттеринин кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтөт жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен болгон мамилелерде алардын кызыкчылыктарын коргойт.

4. Технопарктын резиденттери катары баштапкы жана биротоло каттоо жөнүндө күбөлүктүн үлгүлөрү жана формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-11)
