Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу “Токмок жол-курулуш” муниципалдык ишканасына 2000,0 (эки миллион) сом суммасында ссуда бѳлүп берүүгѳ жана Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 8-июлу № 213/35-5
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу “Токмок жол-курулуш” муниципалдык ишканасына 2000,0 (эки миллион) сом суммасында ссуда бѳлүп берүүгѳ жана Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 02-июлундагы №1-22/2149, 2024-жылдын 03-июлундагы №1-22/2158, 2024-жылдын 04-июлундагы №1-22/2175 кайрылууларын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу “Токмок жол-курулуш” муниципалдык ишканасына 2000,0 (эки миллион) сом суммасында ссуда бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берилсин:
- Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын чыгаша бөлүгүнүн “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси боюнча – 2000,0 миң сом суммасында азайтылып, “Кредиттер, ссудалар жана насыялар” 3214 беренеси боюнча – 2000,0 миң сом суммасында көбөйтүлсүн.
- Токмок шаарынын мэриясынын чыгаша бөлүгүнүн “Резевдик фонддор” 2824 беренеси боюнча 1000,0 миӊ сом суммасында азайтылып жана Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн (орто мектептер) “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренеси боюнча 1000,0 миӊ сом суммасында жылуулук энергиясына көбөйтүлсүн.
3. Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы №176/31-5 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026 жылдарга болжолу жөнүндө” токтомунун “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу” 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- «Салык агенти төлөөчү киреше салыгы» 11111100 беренеси боюнча «220128,0» деген цифра «222428,0» деген цифрага алмаштырылсын;
- «Турак жайга же жайга мүлк салыгы» 11311100 беренеси боюнча «3000,0» деген цифра «3500,0» деген цифрага алмаштырылсын;
- «Жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы» 11312200 беренеси боюнча «12655,4» деген цифра «13155,4» деген цифрага алмаштырылсын;
- «Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы» 14152100 беренеси боюнча «9700,0» деген цифра «9900,0» деген цифрага алмаштырылсын.
- «Алынбай калган пайданын ордун толтуруудан жергиликтүү бюджетке төлөм» 14152400 беренеси боюнча «0» деген цифра «700,0» деген цифра менен алмаштырылып, таблица ушул абзац менен толукталсын.
- «Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы» 14211200 беренеси боюнча «3800,0» деген цифра «4300,0» деген цифрага алмаштырылсын.
- «Автотранспортту парковкалоо жана автотоктотмо үчүн жыйымдар» 14224300 беренеси боюнча «750,0» деген цифра «1050,0» деген цифрага алмаштырылсын.
4. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 5000,0 миң сом суммага көбөйүшүнүн эсебинен Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Турак жай имараттары жана имарат-жайлары” 31111 беренесине 5000,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
5. Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 23-майындагы №211/34-5 токтомунун 1-пунктунун 3,4-пунктчалары өз күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (ЭсеналиевМ.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Б.Б.Доконов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январы №176/31-5 "Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.01.2024 · № 176/31-5