Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз I сессиясы 2023-жылдын 15-майы № 1/1 Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85- Жарлыгын,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177-Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы токтом кылат :
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85- Жарлыгына ылайык Талды-Суу, Баш-Кайыңды айыл аймактары бириктирилгендиктен,катышкан 29 депутаттардын 19 добушуна ээ болгондугун белгилеп,бириктирилген айыл аймактарынын Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы болуп Жолдошбек уулу Дыйканбай шайланды деп эсептелинсин.
2.Бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Рахатбек уулу Мирлан шайлангандыгы белгиленсин.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысына тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы
Д.Жолдошбек уулу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде…Указ · 03.04.2023 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан…Постановление · 30.03.2023 · № 177 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 87 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз…Указ · 04.04.2023 · № 87 · Күчүн жоготкон