# Арашан айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы № 14 "Жерди өзүнчө бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Арашан айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы № 14 "Жерди өзүнчө бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 11.05.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30199/edition/13113/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Арашан айылдык кеңешинин 2024-жылдын 11-майындагы № 14 "Жерди өзүнчө бөлүү жөнүндө" токтому (01.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010929

---

Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ ТОКТОМ Бириккен Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III кезексиз сессиясы 2024-жылдын 11-майы № 14 Жерди өзүнчө бөлүү жөнүндө Арашан айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Болгонбаев Самат Таалайбековичтин Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектептин бош жер аянтына жаңы спорт комплексин курууга жер бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Арашан айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:

1. Арашан айыл өкмөттүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинин жалпы көлөмү 5,1 гектар болгон жер тилкесинен, көлөмү 1,33 гектар жер тилкесин жаңы спорт комплексин курууга бөлүп берилсин;

2. Жаңы курула турган спорт комплекс Арашан айыл өкмөтүнүн балансына алынсын;

3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жан Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлүн.

Төрага

Курманбаев А.Б.
