Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Арашан айылдык кеңешинин «Жерди өзүнчө бөлүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 47 “Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө” токтому» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-01.
Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ ТОКТОМ Бириккен Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III кезексиз сессиясы 2024-жылдын 11-майы № 14 Жерди өзүнчө бөлүү жөнүндө Арашан айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Болгонбаев Самат Таалайбековичтин Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектептин бош жер аянтына жаңы спорт комплексин курууга жер бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Арашан айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл өкмөттүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинин жалпы көлөмү 5,1 гектар болгон жер тилкесинен, көлөмү 1,33 гектар жер тилкесин жаңы спорт комплексин курууга бөлүп берилсин;
2. Жаңы курула турган спорт комплекс Арашан айыл өкмөтүнүн балансына алынсын;
3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жан Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Т. Болгонбаевге жүктөлүн.
Төрага
Курманбаев А.Б.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.