# Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28 сентябрындагы № 82 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28 сентябрындагы № 82 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010859>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30145/edition/13040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010859.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28 сентябрындагы № 82 “Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому (28.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010859

---

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ ХХVIII чакыруу Таш-Дөбө айылдык кеңешинин 31-чи кезексиз жыйыны

2023-жылдын 28 сентябрындагы № 82

“Административдик-аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, 2023-жылдын 17-августундагы Таш-Добо айылдык аймагынын жашоочулары менен уюштурулган жыйындын протоколдук чечимин эске алуу менен, Таш-Добо айылдык аймагынын административдик-аймактык рефармалоо боюнча долбоорду карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Таш-Добо айылдык кеңешинин 31-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Таш-Дөбө айылдык аймактын аталышы Таш-Дөбө боюнча калтырылсын.

2. Бул токтом Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн вэб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттодон өткөрүлсүн.

3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө милдети Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Адашпасов Н.Н. жүктөлсүн.

Төрага

Курманбаев А.Б.
