# Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1 "Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешине штаттык бирдик киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1 "Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешине штаттык бирдик киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30109/edition/12979/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 1 "Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешине штаттык бирдик киргизүү жөнүндө" токтому (04.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010793

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясы 2024-жылдын 4-апрели № 1

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешине штаттык бирдик киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик – аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун 5-тиркемесине жана Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын III сессиясынын протоколунун чечимине ылайык Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык бирдигине, техникалык тейлөөчү персонал катары катчы-иш кагаздарын алып баруучу бир штаттык бирдиги киргизилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлөт .

Төрага

Жеңишбек уулу А.
