Таш-Дөбө айылдык кеңешинин «2024-жылга бюджеттин сметасын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Таш-Дөбө айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 37-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 31-январы № 110
2024-жылга бюджеттин сметасын бекитүү жөнүндө
Таш-Дөбө айылдык өкмөттүн м.а. башчысы Н.Н.Адашпасовдун Таш-Дөбө айылдык округдун 2024-жылга негизги эсеп жана атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша сметасы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1) Жергиликтүү бюджеттин негизги эсеп жана атайын эсеби боюнча 2024-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнө – 43 998,2 миң сом бекитилсин (№1 Тиркеме)
- Негизги эсеп 40 698,2миң сом
- Атайын эсеп 3 300,0 миң сом
2) №1 Тиркемеге ылайык 2024-2025-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу өлчөмү бекитилсин
3) 2024-жылга айыл өкмөттүн бюджетинин жумшала турган чыгашаларын каржылоо – иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жана корголгон беренелер боюнча саналып өткөн тартипте жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин (эмгек акы, соц.фонддун эсебине, тамак-аш, коммуналдык кызматтарга)
4) КРнын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетин аткаруу процессинде өндүрүштүк зарылдыктарга байланыштуу жумшалган жалпы чыгымдардын чыгаша статьяларын, ошондой эле негизги топтор, чакан топтор ортосунда ич ара чегерүүлөрдү жалпы чыгымдардын чегинде, корголгон статьяларды азайтпастан кайра бөлүштүрүү укугу финансы бөлүмүнө берилсин
5) 2024-жылга Таш-Дөбө айылдык өкмөттүн штаттык жүгүртмөсү аппаратка, ЖКХга, китепканага, клубга, ФК спортко тиркелген штаттык жүгүртмөгө ылайык бекитилсин.
6) Айылдык өкмөттүн 2024-жылга бекиген бюджетинен 1% өлчөмүндө резервдик фондго 472,98 миң сом бекитилсин
7) Башкаруу аппараты бөлүмүнүн 21112-беренесине ылайык «Келишимдин негизинде жалданган кызматкер-жумушчулар» деген 08.07.2013-ж. ППКР 403 негизинде келишим боюнча иштеген кызматкер-жумушчулардын эмгек акысына – 804,0 миң сом, 2121-статья боюнча «Социалдык фонд» –139,1 миң сом бөлүнсүн
8) 2024-жыл үчүн Таш-Дөбө айылдык өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин
9) Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Таш-Дөбө айылдык өкмөттүн м.а. башчысы Н.Н.Адашпасовго жүктөлсүн.
Төрага
Курманбаев А.Б.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59