# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230010737)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-июлундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010737/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5363/edition/12923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010737/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө, 12-берене (13.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010737/st-12

---

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Үч-Эмчек айылын Арал айылдык кеңешинин курамынан, Кара-Суу айылын Чоң-Алыш айылдык кеңешинин курамынан, Калба, Атай Огонбаев жана Балбал айылдарын Жергетал айылдык кеңешинин курамынан чыгаруу, алардын базасында Курганды, Кара-Суу жана Калба айылдык кеңештерин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 28-июнундагы № 27 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 94-ст.);

2) "Ош областынын Алай районунун Жаңы-Алай айылдык кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 28-июнундагы № 30 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 97-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Көк-Жаңгак шаарын жана Сузак районун бириктирүү жана Сузак районунун чек арасына өзгөртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-мартындагы № 25 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 365-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында Сары-Бээ поселкалык кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-январындагы № 14 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 2, 42-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Арал жана Бирдик айылдарын Атай айылдык кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айылдык кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-июнундагы № 95 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 7, 317-ст.);

6) "Кыргыз Республикасынын Ош областынын Өзгөн районунун Чангет жана Өстүрүү айылдарын Ийрисуу айылдык кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Өзгөн районунун Чангет айылдык кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19-мартындагы № 38 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 300-ст.);

7) "Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Токтогул районунун Ничкесай жана Чоргочу айылдарын Кызылөзгөрүш айылдык кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалалабат областындагы Токтогул районунун Ничкесай айылдык кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 19-мартындагы № 43 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 305-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Алай районунун Сарымогол айылынын базасында Сарымогол айылдык кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 4-октябрындагы № 177 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 2,103-ст.);

9) "Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Каракулжа районунун Карагуз айылдык кеңешинин курамынан Кеңеш жана Пор айылдарын чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Каракулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-февралындагы № 13 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 244-ст.);

10) "Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Алай районунун Сарымогол кыштагынын базасында Сарымогол айылдык кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 24-декабрындагы № 188 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 1-ст.);

11) "Республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын аймактарында жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктерди жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 238 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 9, 1011-ст.).

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230010737/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230010737/st-13)
