Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «»2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-06.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2023-жылдын 6-декабры № 1665-VII
"2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 25-октябрындагы чыг. № 18-8984) "2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
Дж.К. Исаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.