# 1-берене

- Документ: [Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230010720)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010720/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5362/edition/12878/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010720/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010720/st-1

---

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 20-статьяда:

а) экинчи жана үчүнчү бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттери чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жеке менчигинде болушу мүмкүн. Чет өлкөлүк жарандардын же юридикалык жактардын же болбосо башка чет өлкөлүк элементтин катышуусу менен татаалдашкан бардык жарандык-укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Рекреациялык объекттерге пайдаланылуучу жер участоктору чет өлкөлүк жарандарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык, мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.";

б) төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

в) тогузунчу бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Белгиленген тартипте ижара шарттарында пайдаланууга берилген сейил бактык-пляждык зона ижарачы тарабынан тосулууга тийиш эмес. Ижарачылар, сейил бактык-пляждык зоналарды пайдалануучулар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү сейил бактык-пляждык зоналардын тазалыгын жана коопсуздугун камсыз кылышат.";

г) онунчу бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

д) он биринчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;

е) он үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230010720/st-2)
