# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 285
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010712>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30069/edition/12883/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010712.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (22.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010712

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 28-майы № 285

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдында "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасын белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

2-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ
