Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин «Талас шаарынын мэриясынын башкы бухгалтери, мэрдин катчысы жана чарба башчысы техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин айлык маяналарына үстөк акы белгилөө жөнүндө» токтому
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылдын 18-июну № 250/35-8 Талас шаарынын мэриясынын башкы бухгалтери, мэрдин катчысы жана чарба башчысы техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин айлык маяналарына үстөк акы белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы №408 сандуу токтому менен бекитилген Эмгек акыга байланыштуу сыйлыктардын (перечень) тизмеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” №433 токтомунун 4-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 07.06.2024-жылдагы 01-19/1561 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдүн негизинде, иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана аткарылган иштин көлөмүнүн көбөйгөндүгү үчүн Талас шаарынын мэриясынын техникалык тейлеп иштеген башкы бухгалтери жана мэрдин катчысыкызматкерлеринин айлык маянасына 50 пайыз жана чарба башчысына 25 пайыз өлчөмдө үстөк акы каралып берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага
К. Джаныбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Постановление Правительства КР от 26 июля 1999 года N 408 "Об утверждении Перечня вознаграждений, относящихся к оплате труда"Постановление · 26.07.1999 · № 408 · Күчүн жоготкон