# Молдо Нияз айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-июнундагы №30 "Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун Түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Молдо Нияз айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-июнундагы №30 "Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун Түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30049/edition/12830/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Молдо Нияз айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-июнундагы №30 "Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун Түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (04.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010687

---

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 7- сессиясы

2024-жылдын 4-июну № 30

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун Түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомуна негиз, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылынын Ош-Исфана авто жолунун түндүк-түштүк тарабынан 1,5 га жер аянтын коммерциялык багытта аукцион өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.П. Машрапов
