# Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4-июлундагы № 104 "Экспресстик каттамдарда тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4-июлундагы № 104 "Экспресстик каттамдарда тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30010/edition/12767/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 4-июлундагы № 104 "Экспресстик каттамдарда тарифтерди белгилөө жөнүндө" токтому (04.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010620

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2024-жылдын 4-июлу № 104 Экспресстик каттамдарда тарифтерди белгилөө жөнүндө Жүргүнчүлөр транспортунун туруктуу иштешин камсыздоо, борбор шаардын тургундарын жана меймандарын үзгүлтүксүз ташуу, жүргүнчүлөр транспорту чөйрөсүндөгү муниципалдык ишканалардын экономикалык абалын жакшыртуу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 102 "Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктуна ылайык токтом кылам:

1. Бир жүргүнчүнүн жол кире наркы төмөнкүдөй бекитилсин:

- чакан жана өзгөчө чакан класстагы экспресстик муниципалдык автобустарда - 50 (элүү) сом;

- экспресстик муниципалдык автобустарда (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) накталай эмес формада жол кире төлөөдө - 40 (кырк) сом, накталай формада төлөөдө - 50 (элүү) сом;

- № 153 экспресстик муниципалдык каттамда (12-кичи району - "Манас" аэропорту) накталай эмес формада жол кире төлөөдө - 122 (бир жүз жыйырма эки) сом, накталай формада төлөөдө - 140 (бир жүз кырк) сом.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти белгиленген тартипте:

- экспресстик каттамдарды ишке киргизүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;

- транспорт чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык башка чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мэр

А.Дж.Джунушалиев
