# Саз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 19 "Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Саз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 19 "Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29995/edition/12750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Саз айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 19 "Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтому (05.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010600

---

САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Саз айылдык кеңешинин ХХVIII – чакырылышынын - 12сессиясы 2023-жылдын 5-октябры № 19 Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 «Элдик Курултайды өткөрүү жөнундө» Жарлыгын, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топтун 2023-жылдын 5-октябрында бекитилген Календардык пландын жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 03-13/3439 катынын негизинде:

1. Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүүгө даярдык көрүү максатында төмөнкү курамдагы жумушчу топ түзүлсун.

- Сагыналиев Т. А – Саз айылдык кеңештин төрагасы, уюштуруу көмитеттин төрагасы;

- Бозжигитов Б. Б. - айылдык кеңештин депутаты;

- Чоробекова А. Э. - айылдык кеңештин депутаты;

- Райымкулова Г.С. - айылдык кеңештин депутаты;

- Султангазиева С. - айылдык кеңештин депутаты;

- Кубатпаев Ж. У. - айылдык кеңештин депутаты;

- Байгараев Б. Т. - айылдык кеңештин депутаты;

- Суйөркулов А.М. - айылдык кеңештин депутаты;

- Бекбалаев Д. Б. - айылдык кеңештин депутаты;

- Есеналиев Т. Т. - айылдык кеңештин депутаты;

- Качкынчиев С. А. – айыл башчы

2. Жергиликтүү жааматттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү айымактык бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча, нормага ылайык жалпы саны 40 делегат болуп бекитилсин.

3. Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттары бекитилсин.

4. Делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча календардык план бекитилсин.

5. Саз айыл өкмөтүнүн башчысы Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн

Төрага

Т.Сагыналиев
