# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндө айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндө айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 349
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010554>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29967/edition/12710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010554.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндө айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010554

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 3-июлу № 349 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндө айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 "Бажы иши чөйрөсүндө айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:

- 36-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "36. Бажы органдары тарабынан товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы жыйымдары, бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды чыгарууну кошпогондо, бажы декларациясын берүү менен бир убакта төлөнөт."; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарууда бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасындагы Бирликтин аймагынан бажы транзитинин бажы жол-жобосу аяктаганга чейин каалаган учурда төлөнөт.";

- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"38. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы операцияларына бажы жыйымдары бажы наркынын 0,4 пайыз өлчөмүндө, бирок эсептешүү көрсөткүчүнүн 5 өлчөмүнөн кем эмес жана эсептешүү көрсөткүчүнүн 2500 өлчөмүнөн ашык эмес өлчөмдө алынат. Бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы жыйымдары төмөнкү учурларда алынбайт:

- товарларды андан ары башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жоболорун аяктоо менен келген жериндеги бажы органынан Кыргыз Республикасынын ички бажы органына чейин ташуу;

- товарларды андан ары башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жоболорун аяктоо менен бир ички бажы органынан башка ички бажы органына ташуу;

- Бажы кампасынын бажы жол-жобосу Бирликке мүчө мамлекеттердин аймагына бажы транзитинин бажы жол-жобосу менен аяктаган учурду кошпогондо, мурда ички бажы органынан Бирликтин аймагынан чыгып кеткен жерге чейин башка бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарларды бажы транзитинин бажы жол-жобосунун алдында ташуу.

Товарлардын классификациясы жана товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө бажы жыйымдары алынат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 381-пункт менен толукталсын:

"381 . Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн адистештирилген товарларга карата бажы органдары тарабынан товарларды чыгаруу менен байланышкан операцияларды жүргүзүү үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесине ылайык төмөнкүдөй шарттарда төлөнбөйт:

- бажылык жол-жоболоштурууну жүргүзгөн бажы органына социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аталган товар майыптар үчүн адистештирилген товарларга таандык экендиги тууралуу ырастама берилсе;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси аталган товарларды алуучу болуп саналса.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
