178-берене
Күчүндө · 08.07.2024 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"178-берене. Ата-эненин балдарды багуудан качуусу
1. Ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу, -
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.
2. Ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга милдеттүү болгон адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуусу, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуу деп эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык жактан коргоо боюнча органдарга ишке орношуу үчүн келүүдөн, медициналык кароодон өтүүдөн, ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алуудан баш тартуу, ошондой эле ишке орноштуруу жөнүндө соттун чечимин аткарбоого алып келүүчү башка иш-аракеттер (аракетсиздик) түшүнүлөт. Эгерде кылмыш жасаган адам баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарды багууга каражаттарды төлөө боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө жойсо, ал адам ушул беренеде каралган кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.".
Берененин тексти 08.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
178-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230010471/st-178" title="178-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>