# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5359/edition/12627/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (08.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010471

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 8-июлу № 115 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230010471/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230010471/st-178)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"178-берене. Ата-эненин балдарды багуудан качуусу

1. Ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

2. Ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга милдеттүү болгон адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуусу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тартуу деп эмгек, ишке орноштуруу жана социалдык жактан коргоо боюнча органдарга ишке орношуу үчүн келүүдөн, медициналык кароодон өтүүдөн, ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алуудан баш тартуу, ошондой эле ишке орноштуруу жөнүндө соттун чечимин аткарбоого алып келүүчү башка иш-аракеттер (аракетсиздик) түшүнүлөт. Эгерде кылмыш жасаган адам баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарды багууга каражаттарды төлөө боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө жойсо, ал адам ушул беренеде каралган кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230010471/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 52 (3605) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 29-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
