Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 „Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 24-июну № 335 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунда аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын социалдык укуктарын камсыз кылуу максатында, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- судья катары аскердик соттордо аскердик кызмат өтөгөн, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алып жаткан аскер кызматчылардын маянасы төмөнкүдөй кызмат орундардын маяналарына теңештирилет: Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы - Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокуроруна; Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басарына; Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы - Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокуроруна; гарнизондун аскердик сотунун төрагасы - гарнизондун аскер прокуроруна; гарнизондун аскердик сотунун төрагасынын орун басары - гарнизондук аскер прокурорунун орун басарына; гарнизондун аскердик сотунун судьясы - аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн прокуроруна.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2017 · № 506
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122