# Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV -кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 36 "Тосор айылына саркынды сууларды тазалоочу жай жана канализация куруу жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV -кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 36 "Тосор айылына саркынды сууларды тазалоочу жай жана канализация куруу жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29916/edition/12581/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV -кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 36 "Тосор айылына саркынды сууларды тазалоочу жай жана канализация куруу жѳнүндѳ" токтому (26.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010431

---

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII -чакырылышынын IV -кезектеги сессиясы

2024-жылдын 26-июнундагы № 36

Тосор айылына саркынды сууларды тазалоочу жай жана канализация куруу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 Жарлыгына ылайык, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин жана И.Исашовдун оозеки кайрылуууларын угуп талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:

1. Тосор айылына саркынды сууларды чогултуп алып келүүчү түтүктѳрүн (канализация) жана саркынды тазалоочу курулманы (очистной сооружение) курууга уруксаат берилсин.

2. Саркынды тазалоочу курулманы орнотуучу жай үчүн жер тилкеси жер маселерер боюнча туруктуу комисиясы, Тосор айыл башчысы, жер адиси менен биргеликте аныкталып, белгиленсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.

Төрага М.Ибаков

Жиберилди: айылдык кеӊештин иш кагаздарына 1-нуска, юстицияга -2 нуска, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарына -1 нуска, төрага – 1 нуска, баардыгы – 5 нуска
