Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоонун айрым маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 мая 2025 года № 282 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2025/2026 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-05-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-июлу № 367 Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоонун айрым маселелери жөнүндө Экономика тармактарын жана калкты отун ресурстары менен өз убагында камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. "Кыргызкөмүр" МИ:
1) Бишкек шаарынын ЖЭБи жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин филиалдары үчүн графикке ылайык көмүрдү зарыл көлөмдө жеткирүүнү, ошол эле учурда көмүрдүн тиешелүү сапатын камсыз кылсын;
2) Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогун геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугунан баш тартсын;
3) Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогунан 180 миң тонна өлчөмдөгү көмүрдү акысыз негизде жеткирүүнү камсыз кылуу укугун Бишкек шаарынын ЖЭБине өткөрүп берсин.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
"131. Бишкек шаарынын ЖЭБи өз муктаждыктары үчүн Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогунан көмүрдү өз алдынча ташууну камсыз кылсын.";
3) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинде:
- "Электр станциялар" ААК" бөлүмүнүн "БР, БЗ маркаларындагы жогорку калориядагы 5500 ккал/кг" сабынын "Жооптуулар" графасында "ЭМ, "Кыргызкөмүр" МИ" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Бишкек шаарынын ЖЭБи" бөлүмүнүн "БР, БЗ маркаларындагы жогорку калориядагы 5500 ккал/кг" сабынын "Жооптуулар" графасында "ЭМ, "Кыргызкөмүр" МИ" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аныктаган мамлекеттик ишкана же чарбалык субъект белгиленген тартипте Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогун геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кайрылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аныктаган мамлекеттик ишканага же чарбалык субъектке Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогун геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун берүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик аныктаган мамлекеттик ишканага же чарбалык субъектке Миң-Куш көмүр кенинин "Агулак" участогун геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана иштетүү боюнча техникалык долбоорлорго мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 52 (3605) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине…Постановление · 28.05.2025 · № 282 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 265 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо…Постановление · 28.05.2024 · № 265 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 28.05.2025 №282 токтомуПостановление · 28.05.2025 · № 282
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине…Постановление · 28.05.2025 · № 282 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 265 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо…Постановление · 28.05.2024 · № 265 · Күчүн жоготкон