# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2243-VII "К.К.Боконтаевди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2243-VII "К.К.Боконтаевди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2243-VII
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15575/edition/12401/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2243-VII "К.К.Боконтаевди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө" токтому (26.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010266

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 26-июну № 2243-VII

К.К.Боконтаевди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Боконтаев Кубанычбек Кеңешовичтин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Боконтаев Кубанычбек Кенешович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, жеке арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Н.Т. Шакиев
