Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Красноречка айылдык кеңешинин «Муниципалдык объекттерди Красная речка айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө» токтому
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 11-январы №2/I Муниципалдык объекттерди Красная речка айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.Р.Джекшембаевдин «Муниципалдык объекттерди Красная речка айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө» маалыматын карап жана талкуулап айылдык кенешинин депуттатары белгилешти, айыл ѳкмѳтүнүн аймагында ѳздүк турак-жайы жок жарандар мурдагы ички иштер бѳлүмүнүн имаратында жашашат. Мектепке чейинки билим берү мекемелеринин жана мектептердин жетишсиздигине байланыштуу Красная речка айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык объектилерди сарамжалдуу пайдалануу максатында айылдык кеңешинин сессияса 2023-жылдын 17-ноябырында №30/VII «Социалдык маанидеги муниципалдык имаратта убактылуу жашаган ижарачыларды чыгаруу жѳнүндѳ» токтом кабыл алды, Кыргыз Республикасынын «Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Мыйзамынын 2, 5, 19 беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында мурунку ички иштер бѳлүмүнүн имараты Толбашиев №46 кѳчѳсүндѳ жайгашкан айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн жана мыйзам чегинде катталууга алынсын.
2. Красная речка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красная речка айылдык кеңешинин укук тартибинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
Е.С.Попуца
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123