Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 169 Жарлыгына)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 169 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо изденүүчүлөрдү тандоо, көрсөтүүгө материалдарды тариздөө, чыгармаларды жана эмгектерди кароо, Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын (мындан ары - Мамлекеттик сый акы) ыйгаруу тартибин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу жөнүндө жарлыктарын жокко чыгаруу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин аныктайт.
3. Мамлекеттик сый акы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасирге ээ болгон жана коомго кеңири таанылган адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына ыйгарылат.
4. Мамлекеттик сый акы изденүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын (мындан ары - Коомдук комиссия) чечимине ылайык үч жылда бир жолу төмөнкү номинациялар боюнча бирден ыйгарылат:
- Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы;
- Көркөм сүрөт искусствосу жаатындагы мамлекеттик сый акы;
- Музыкалык искусство жаатындагы мамлекеттик сый акы;
- Театрдык искусство жаатындагы мамлекеттик сый акы;
- Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сый акы;
- Архитектура жана скульптура жаатындагы мамлекеттик сый акы.
Мамлекеттик сый акыны тапшыруу эл алдында жана салтанаттуу жагдайда өтөт.
5. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын чыгармачыл бирликтери (мындан ары - чыгармачыл бирликтер) чыгармалардын авторлорунун жана жаратуучуларынын чыгармаларын жана эмгектерин Мамлекеттик сый акыны ыйгарууга көрсөтүүгө укуктуу.
6. Ушул Жободо чыгармачыл бирлик деп адабият, маданият, искусство, архитектура кызматкерлерин бириктирген коомдук уюм формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн жана көп жылдык кесиптик негизде иштеген юридикалык жак түшүнүлөт.
7. Адабият жана искусство жаатындагы авторлор жана жаратуучулар өздөрүнүн чыгармаларын жана эмгектерин ушул Жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же тиешелүү чыгармачыл бирликке жөнөтөт.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же чыгармачыл бирлик Мамлекеттик сый акыны изденип алууга адабияттын жана искусствонун ар бир түрүндөгү чыгармалардын жана эмгектердин авторлорунун жана жаратуучуларынын ичинен бир гана адамды, ал эми авторлордун тобу болгон учурда - үчтөн ашык эмес адамды көрсөтөт.
9. Коомдук комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же чыгармачыл бирликтердин өкүлдөрү ишти объективдүү жана калыс негизде, чыгармалардын жана эмгектердин айрым авторлоруна жана жаратуучуларына жеңилдиктерди, артыкчылыктарды билдирбестен жана/же бербестен аткарат.
Мындай фактылар аныкталган учурда күнөөлү адамдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сыйлыктар боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнүн (мындан ары - ыйгарым укуктуу бөлүм) сунушунун негизинде башкаларга алмаштырылууга тийиш.
10. Мамлекеттик сый акы ыйгарылган изденүүчүгө Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты (мындан ары - лауреат) наамы ыйгарылат, төш белги жана анын күбөлүгү тапшырылат, 1000000 (бир миллион) сом суммасында акчалай сыйлык төлөнөт.
Мамлекеттик сый акынын лауреаты деп адамдардын тобу таанылган учурда, анда алардын ар бирине төш белги жана анын күбөлүгү тапшырылат, ал эми акчалай сыйлык алардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын төш белгиси көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана анын тиешелүү категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын ичине кирген ардак наамы болсо, мындай белгиден кийин тагылат.
11. Мамлекеттик сый акынын лауреатынын төш белгисинин сыпаттамасы жана үлгүсү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
12. Эгерде чыгармасы жана эмгеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же чыгармачыл бирлик тарабынан изденүүчүнүн көзү тирүү кезинде көрсөтүлгөн учурда Мамлекеттик сый акы адамга каза болгондон кийин ыйгарылышы мүмкүн.
Бул учурда төш белги, анын күбөлүгү, акчалай сыйлык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык лауреаттын мураскерлерине берилет. Мураскерлери жок болгон учурда акчалай сыйлык республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш, ал эми төш белги жана анын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар фондунда сакталат.
13. Коомдук комиссиянын, эксперттик топтордун, тартылган эксперттердин жана адистердин ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу, ошондой эле Мамлекеттик сый акынын лауреатынын төш белгисин, анын күбөлүгүн даярдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2-глава. Коомдук комиссия
14. Коомдук комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же чыгармачыл бирликтер тарабынан Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүлгөн чыгармаларды жана эмгектерди кароо жана тандоо үчүн түзүлөт.
Коомдук комиссия төраганы кошкондо 19 мүчөдөн турат. Жеке курамы ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан гендердик саясатты эске алуу менен адабият жана искусство ишмерлеринин ичинен түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизилет. Коомдук комиссияга ыйгарым укуктуу бөлүмдүн эксперти добуш берүү укугусуз Коомдук комиссиянын катчысы катары бекитилет.
15. Коомдук комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин жана мамлекеттик сый акылар чөйрөсүндөгү маселелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
16. Коомдук комиссиянын төрагасы анын ишине жалпы жетекчилик кылат, анын жыйналыштарын уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздайт, ошондой эле Коомдук комиссиянын чечимдерине кол коёт.
Коомдук комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышынын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, ага Коомдук комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт. Протоколдун негизинде Коомдук комиссиянын чечими таризделет, ага Коомдук комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт.
3-глава. Коомдук комиссиянын ыйгарым укуктары
17. Коомдук комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- чыгармаларды жана эмгектерди тариздөөгө жалпы талаптарды иштеп чыгууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же чыгармачыл бирликтер тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон Мамлекеттик сый акыны изденип алууну өткөрүү графигин түзүүгө жана бекитүүгө;
- келип түшкөн чыгармаларды жана эмгектерди кароо үчүн секцияларды түзүүгө;
- ар бир чыгарма жана эмгек боюнча баалоону аныктоо боюнча эксперттик топторду түзүүгө;
- изденүүчүлөрдүн чыгармаларын жана эмгектерин рецензиялоо үчүн айрым түрлөр жана жанрлар боюнча көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартууга;
- изденүүчүлөрдүн чыгармалары жана эмгектери менен таанышуу үчүн Коомдук комиссиянын мүчөлөрүн жиберүүгө;
- чыгармаларга жана эмгектерге карата келип түшкөн рецензияларды жана пикирлерди талдоого жана иштеп чыгууга;
- чыгармаларды жана эмгектерди акыркы тандоону жүргүзүүгө жана андан ары Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө киргизүү үчүн Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга.
18. Коомдук комиссия секциялардын, эксперттик топтордун, көз карандысыз эксперттердин жана адистердин корутундуларын эске алат, алар жашыруун добуш берүүгө көрсөтүү үчүн алардын ар биринин аргументтелген пикирин чагылдырган талкуулоо протоколдорун берет, бирок алардын пикирлери акыркы болуп саналбайт. Пикирлер шайкеш келбеген учурда, чечимди Коомдук комиссия кабыл алат, ал акыркы болуп саналат.
19. Коомдук комиссияга түшкөн даттануулар, арыздар жана кайрылуулар Коомдук комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине андан ары киргизүү үчүн изденүүчүлөрдү тандоо жөнүндө жыйынтыктоочу чечим кабыл алынган учурдан тышкары, анын жыйналыштарында каралат.
4-глава. Коомдук комиссиянын ишин уюштуруу
20. Коомдук комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат.
21. Коомдук комиссиянын жыйналышы комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамы болгон учурда укуктуу болуп саналат.
22. Коомдук комиссиянын чечими катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Коомдук комиссиянын Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине андан ары киргизүү үчүн изденүүчүлөрдү тандоо жөнүндө чечими Коомдук комиссиянын 15 мүчөсүнөн кем эмес кворумда кабыл алынууга тийиш. Жыйынтыктоочу чечим көпчүлүк добуш менен, бирок Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн 13төн кем эмес добушу менен бюллетендерди пайдалануу аркылуу жабык добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Белгиленген кворум жок болсо, Коомдук комиссиянын жыйналышы башка күнгө жылдырылат.
23. Коомдук комиссиянын жыйналыштары Коомдук комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилген иш планга ылайык өткөрүлөт. Пландан тышкаркы жыйналыштар зарылчылыкка жараша Коомдук комиссиянын төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
24. Ар бир чыгарма жана эмгек боюнча баалоону аныктоо боюнча эксперттик топтун курамы жана иш тартиби Коомдук комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
25. Коомдук комиссиянын чыгымдары жана Мамлекеттик сый акыны төлөө тиешелүү жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Мамлекеттик маанидеги чыгымдар" сметасы боюнча "Мамлекеттик сыйлыктар эсеби боюнча каралат.
26. Коомдук комиссиянын мүчөлөрү Мамлекеттик сый акыны изденип алууга чыгармаларды жана эмгектерди кароо, талкуулоо жана тандоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу суммада акчалай сыйлык ала алат.
27. Коомдук комиссиянын ишине тартылган эксперттик топтордун мүчөлөрүнө, көз карандысыз эксперттерге жана адистерге иштин көлөмүнө жана татаалдыгына жараша тиешелүү жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Мамлекеттик маанидеги чыгымдар сметасы боюнча "Мамлекеттик сыйлыктар" эсеби боюнча каралган каражаттардын эсебинен ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан аныкталуучу суммада акчалай сыйлыктар төлөнүшү мүмкүн.
5-глава
Мамлекеттик сый акыны изденип алууга авторлордун жана жаратуучулардын чыгармаларын жана эмгектерин жиберүүнүн, кароонун, тандоонун талаптары, шарттары, мөөнөттөрү
28. Ыйгарым укуктуу бөлүм номинациялар боюнча Мамлекеттик сый акыны изденип алууну өткөрүү графигине ылайык материалдарды кабыл алуунун башталышы жөнүндө кулактандырууну кабыл алуу башталганга чейин эки жумадан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жайгаштырат.
29. Адабият жана искусство жаатындагы авторлордун жана жаратуучулардын чыгармалары жана эмгектери жазылып бүткөн өзүнчө китеп же кеңири басылмада жарыяланган чыгармалардын цикли, көркөм сүрөт искусствосунун, музыканын, театр искусствосунун, кино искусствосунун чыгармалары түрүндө - элге тааныштырылгандан жана коомчулук тарабынан таанылгандан кийин кабыл алынат.
Кино жана театр искусствосунун чыгармаларынын тарыхы алардын Кыргыз Республикасында расмий премьерасы болгон күндөн тартып, ал эми көркөм сүрөт искусствосу - расмий көргөзмөсү болгон күндөн тартып башталат. Адабият жана искусство жаатындагы авторлордун жана жаратуучулардын чыгармалары жана эмгектери алар кезектеги Мамлекеттик сый акы ыйгарылганга чейин акыркы эки жылда жарыяланган, эл алдында көрсөтүлгөн, аткарылган учурда жөнөтүлөт.
30. Мамлекеттик сый акыга жоюлбаган соттуулугу бар чыгармалардын жана эмгектердин авторлорун жана жаратуучуларын сунуштоого жол берилбейт.
31. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же чыгармачыл бирлик алар тарабынан алынган чыгармаларды жана эмгектерди дыкат жана объективдүү изилдеп чыгат жана Мамлекеттик сый акыны изденүүчүлөр катары таануу же таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
32. Чыгармалардын жана эмгектердин авторлорун жана жаратуучуларын Мамлекеттик сый акыны изденүүчүлөр катары таануу учурунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же чыгармачыл бирлик төмөнкү милдеттүү документтерди жана материалдарды ыйгарым укуктуу бөлүмгө жиберет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш (авторлордун тобу болгон учурда сунушталган чыгарманы жана эмгекти жаратууга ар бир изденүүчүнүн катышуусу жөнүндө конкреттүү маалыматтарды көрсөтүүнү эске алуу менен алардын ар бирине жекече);
- белгиленген үлгүгө ылайык чыгарманын жана эмгектин авторунун жана жаратуучусунун толтурулган анкетасы (формасы тиркелет);
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана чыгармачыл бирликтин мөөр менен күбөлөндүрүлгөн чыгарманы жана эмгекти көрсөтүү боюнча комиссиянын ар бир мүчөсүнүн аргументтелген пикирин чагылдырган талкуулоо протоколунун көчүрмөсү;
- изденип алууга талапкерлерди кароонун жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясынын протоколу;
- чыгармага жана эмгекке карата аннотация;
- паспортунун көчүрмөсү;
- билими жөнүндө дипломдун, окумуштуулук даражасынын, эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- жарыяланган же көрсөтүлгөн чыгармалардын жана эмгектердин тизмеси.
Чыгарманы жана эмгекти көрсөтүү боюнча комиссиянын жана эсептөө комиссиясынын сандык курамы, алардын иштөө мөөнөтү жана тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана чыгармачыл бирликтердин жетекчилери тарабынан бекитилет.
33. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же чыгармачыл бирлик тарабынан көрсөтүлгөн адабият жана искусство жаатындагы (кино, радио жана телекөрсөтүүдөн тышкары) чыгармалар жана эмгектер Коомдук комиссияга түп нускадагы демонстрацияда гана жөнөтүлөт, мында алардын видео же аудио жазуулары түп нуска болуп эсептелбейт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана/же чыгармачыл бирлик тарабынан көрсөтүлгөн кино, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы чыгармалар жана эмгектер Коомдук комиссияга электрондук алып жүрүүчүлөрдө алардын жакшы сапаттагы жазуулары түрүндө жөнөтүлөт.
34. Коомдук комиссия Мамлекеттик сый акыны изденип алууга келип түшкөн милдеттүү документтерди жана материалдарды дыкат жана объективдүү карайт жана алар боюнча изденүүчүлөрдү жана алардын чыгармалары менен эмгектерин андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине сунуштардын тизмегине киргизүү үчүн жактыруу же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Эгерде Коомдук комиссия изденүүчүлөрдү жана алардын чыгармалары менен эмгектерин номинациялардын биринде каралгандан көп санда тандап алса, анда Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн көп сандагы добушун алган изденүүчү тандалат. Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда, Коомдук комиссиянын төрагасы добуш берген изденүүчүгө артыкчылык берилет.
35. Коомдук комиссиянын Мамлекеттик сый акыны изденүүчү катары өзүн көрсөтүү жөнүндө каалоосун билдирген мүчөсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же чыгармачыл бирликтерге жазуу жүзүндө арыз берген күндөн тартып автоматтык түрдө Коомдук комиссиянын мүчөсү болуу укугун жоготот.
36. Мамлекеттик сый акыны изденип алууга төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
- талапкер адам алар үчүн мурда мамлекеттик сыйлык менен сыйланган же ага Кыргыз Республикасынын ардак наамы ыйгарылган чыгарма жана эмгек;
- Коомдук комиссия тарабынан мурда колдоого алынбаган чыгарма жана эмгек;
- чыгармалардын жыйнагы;
- тиражы көрсөтүлбөстөн же жалпы тиражы 1000 (бир миң) нускадан аз, окууга кыйын болгон майда шрифт жана саптардын ортосу -гыгыз интервал менен басылган адабий чыгарма;
- изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү чыгарма жана эмгек;
- бир жолку концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган көрсөтүүлөр жана юбилейлик даталарга, бенефистерге, мамлекеттик майрамдарга жана элдик майрамдоолорго байланышкан бир жолку коюулар.
37. Эгерде Мамлекеттик сый акынын изденүүчүлөрдүн бири да номинациялардын бири боюнча да ушул Жобонун 22-пунктунда каралган Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарынын зарыл санын ала албаса, анда бул номинация боюнча Мамлекеттик сый акы ыйгарылбайт. Мында Коомдук комиссиянын тандоосунан өтпөй калган чыгармага жана эмгекке кийинки Мамлекеттик сый акыны изденип алууга көрсөтүү жол-жобосуна жол берилбейт.
38. Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы түрүндө таризделет, ап Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында жана "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланат.
6-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сыйлыктар боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмү
39. Ыйгарым укуктуу бөлүм ушул Жобонун 13-пунктунда каралган ченемден тышкары, Коомдук комиссия үчүн уюштуруу-методикалык жана маалыматтык-документациялык орган катары чыгат.
40. Ыйгарым укуктуу бөлүм:
- Мамлекеттик сый акыны изденип алууну өткөрүү графигин түзүү, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана расмий сайттарга маалыматты жайгаштыруу жана башка маселелерди кошкондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же чыгармачыл бирликтердин биргелешкен ишин координациялоо боюнча Коомдук комиссиянын ишине зарыл болгон көмөк көрсөтөт;
- Коомдук комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана чыгармачыл бирликтер, эксперттик топтор, тартылган эксперттер жана адистер, ал эми зарыл болгон учурда эч кандай артыкчылыктарды бербестен же кызыкчылыктарын коргобостон чыгармалардын жана эмгектердин авторлору жана жаратуучулары менен иштиктүү байланыштарды жүзөгө ашырат;
- Коомдук комиссиянын иш кагаздарын жүргүзөт, Мамлекеттик сый акы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин долбоорлорун, ошондой эле зарыл болгон чечимдерди, материалдарды, каттарды жана башкаларды даярдайт;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаагында Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты" төш белгисинин үлгүлөрүн жана сыпаттамасын, анын күбөлүгүн даярдоо боюнча сунуштарды киргизет, ошондой эле алардын даярдалышын, алынышын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктар фондунда сакталышын камсыз кылат;
- Мамлекеттик сый акы менен байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине мезгил-мезгили менен баяндайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу жана лауреаттарга төш белгилерди, алардын күбөлүктөрүн жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт.
41. Лауреаттын жоголгон төш белгисинин ордуна дубликаты берилбейт. Табигый кырсыктын кесепетинен же анын жоголушун болтурбоо мүмкүн болбогон башка жагдайларда төш белгинин күбөлүгү жоголгон учурда, анын ордуна бул документтин дубликаты берилиши мүмкүн.
Дубликаттын жогорку оң бурчунда "Дубликат" деген жазуу жазылат же штамп коюлат, ал эми документке Кыргыз Республикасынын Президенти кол коёт жана ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
42. Мамлекеттик сый акынын каза болгон лауреатынын мураскерлеринин макулдугу менен анын төш белгиси жана күбөлүгү музейге сактоого өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
43. "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысынын лауреаты" төш белгисин мыйзамсыз тагынуу, даярдоо, сатып алуу, сатуу, алмаштыруу же башка түрдө өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
44. Тандоодон өтпөй калган Мамлекеттик сый акыны изденүүчүлөрдүн милдеттүү документтери жана материалдары аларды изденип алууга көрсөткөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана/же чыгармачыл бирликке кайтарылып берилет.
7-глава
Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу жөнүндө жарлыктарын жокко чыгаруу жана өзгөртүү киргизүү, Мамлекеттик сый акынын лауреатынын төш белгисин алып коюу
45. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу жөнүндө Жарлыгын төмөнкү учурларда жокко чыгарат:
1) соттун Мамлекеттик сый акыдан ажыратуу түрүндөгү жазаны колдонуу жөнүндө өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
2) милдеттүү документтерде жана материалдарда анык эмес маалыматтар берилгенде.
46. Милдеттүү документтерде жана материалдарда анык эмес маалыматтар берилгендиги Мамлекеттик сый акынын лауреатынын милдеттүү документтеринде жана материалдарында анык эмес жана (же) жалган маалыматтар камтылганына байланыштуу Коомдук комиссиянын чечими менен аныкталат.
47. Кыргыз Республикасынын Президентинин Мамлекеттик сый акыны ыйгаруу жөнүндө жарлыгын жокко чыгаруу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен таризделет.
48. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы жокко чыгарылган учурда ага карата Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыгарылган адамга тапшырылган Мамлекеттик сый акы, Мамлекеттик сый акынын лауреатынын төш белгиси жана алардын документтери алып коюлууга тийиш.
49. Алып коюлган Мамлекеттик сый акынын лауреатынын төш белгиси жана алардын документтери Мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп берилет.
50. Соттун күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде лауреаттын төш белгиси жана алардын документтери соттун өкүмүн аткаруу үчүн белгиленген тартипте алып коюлат.
51. Лауреат ага ылайык Мамлекеттик сый акыдан ажыратылган соттун өкүмү реабилитациялоочу негиздер боюнча жокко чыгарылган учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин бул жөнүндө чыгарылган жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми укугу калыбына келтирилүүгө тийиш.
52. Жарлык чыккандан кийин лауреаттын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобого тиркеме
Форма
Чыгарманын жана эмгектин авторунун/чыгарма жана эмгектин АНКЕТАСЫ
(______________________________________) (облус, Бишкек ш., Ош ш.)
1. Автордун аты-жөнү/чыгарманын жана эмгектин аталышы: _________________________________________________
Эгер мурда фамилиясы, аты, атасынын аты башка болсо, аларды көрсөтүңүз _________________________________ Эгер чыгармачыл псевдоним бар болсо аны көрсөтүңүз _____________________________________________________ Топтук изденүүдө чыгарманын жана эмгектин авторлорунун жана жаратмандарынын тобунун аты-жөнү ______________________________________________________________________________________________________
2. Кызмат орду, иштеген жери, кызматы: __________________________________________________________________
3. Туулган жери жана датасы: ___________________________________________________________________________
4. Публикация, коомдук көргөзмө, аткаруу, коомдук тааныштыруу датасы _____________________________________
5. Улуту: _____________________________________________________________________________________________
6. Жынысы: ___________________________________________________________________________________________
7. Жарандыгы: _________________________________________________________________________________________
8. Билими: ____________________________________________________________________________________________
9. Байланыш номери: ___________________________________________________________________________________
10. Жашаган жери: ______________________________________________________________________________________
11 .Окумуштуулук даражасы: ____________________________________________________________________________
(бар болгон учурда)
12. СССРнын, Кыргыз Республикасынын кайсыл мамлекеттик сыйлыктары менен кайсы эмгеги жана чыгармалары
үчүн сыйланган:
13. Талапкердин чыгармаларына жана эмгектерине сунуштоо субъектинин баасы (өзүн-өзү баалоого жол берилбейт)
_______________________________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________________________
14. Сунуштоо субъекти __________________________________________________________________________________
(субъекттин аталышы)
талапкерди/чыгарманы жана эмгекти карап чыгып ___________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________________________________________ чечим кабыл алды ______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________________________
(кандай чечим кабыл алынган, датасы, чечимдин №)
Жетекчи
__________________________________________________________
___________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду)
(колу)
"___" ________________ 20_-ж.
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июну ПЖ № 169 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.06.2024 · № 169
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндөЗакон · 09.08.2023 · № 175 · Күчүн жоготкон