# Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүүпрограммасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы№ 390-т тескемесине)

- Толук аталышы: Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүүпрограммасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы№ 390-т тескемесине)
- Актынын түрү: Программа
- Номери: 390-р
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/53-355/edition/12356/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүүпрограммасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы№ 390-т тескемесине) (01.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010227

---

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 390-т тескемесине)

Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү ПРОГРАММАСЫ

1. Жалпы жоболор

1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасы (мындан ары - Программа) алардын ишкердик демилгелерин өнүктүрүү үчүн пайызсыз кредит берүүнүн шарттарын жана механизмдерин аныктайт.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомунун алкагында социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучулары (мындан ары - социалдык контракттын катышуучулары) пайызсыз кредиттөөнүн субъекттери болуп саналат.

3. Программанын максаты социалдык контракттын катышуучуларына кошумча жеңилдетилген ресурстарды берүү, тактап айтканда социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын алкагында (мындан ары - социалдык контракт) мурда алынган каражаттар менен уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз кредиттерди берүү болуп саналат.

4. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү - 36 ай.

5. "Айыл банк" ААКтын жана "Элдик Банк" ААКтын (мындан ары - Банктар) өздүк каражаттарынан пайызсыз кредиттерди (мындан ары - кредит) берүү үчүн Программанын бюджети 200000000,0 (эки жүз миллион) сомду түзөт.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кредиттерди жайгаштыруу жана пайызсыз пайыздык ставкалар боюнча каржылоо үчүн тийиштүү жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан Банктардын чыгымдарын субсидиялайт.

7. Программаны ишке ашыруунун башталышы - 2024-жылдын июлу.

8. Жооптуу аткаруучулар: Банктар, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары - КР ЭСКММ), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - КР ФМ).

2. Программанын сыпаттамасы

9. Программаны ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын ичинде пайызсыз кредиттик каражаттар коммерциялык максаттарга киреше алып келүүчү ишти өнүктүрүү үчүн социалдык контракттын катышуучуларына берилет.

10. Программанын алкагында кредиттер социалдык контракттын катышуучуларына (катышуучулардын тизмеси КР ЭСКММ тарабынан түзүлөт) тиешелүү Банкка арыз берген учурга карата 6 айдан кем эмес экономикалык иштин субъекти болуп саналгандарга (жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн негизинде же жеке ишкердик иш\\жеке эмгек иши үчүн патенттин негизинде) берилет. Ушул Программанын алкагында кредиттик каражаттар социалдык контракттын катышуучуларынын иштеп жаткан киреше алып келүүчү ишин өнүктүрүүгө бөлүнөт.

11. Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз кредиттерди берүүнүн тартиби ушул Программанын талаптарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана Банктардын ички ченемдик документтерине (мындан ары - ИЧД) ылайык жүзөгө ашырылат.

12. Банктар социалдык контракттын катышуучуларынын пайызсыз кредиттерди алууга өтүнмөлөрдү кароо өтүнмө берилген күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде ушул Программада көрсөтүлгөн документтердин толук пакетин милдеттүү түрдө тиркөө менен ишке ашырат.

13. Бул Программаны ишке ашырууну жалпы координациялоону КР ЭСКММ жана/же анын аймактык/ведомстволук бөлүмдөрү ишке ашырат.

14. Программанын алкагында Банктардын ишине жалпы контроль Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылат.

15. Зайымчы тарабынан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу контроль Банктар тарабынан жүргүзүлөт. Банк берилген кредиттерди кайтаруу боюнча тобокелдиктерди өзүнө алат.

3. Пайызсыз кредит берүүнүн шарттары

16. Программанын катышуучуларына кредит берүү төмөнкү шарттарда жүзөгө ашырылат:

1) кредиттин суммасы - 200000,0 (эки жүз миң) сомго чейин (кошо алганда);

2) кредит берүү мөөнөтү - 36 айга чейин;

3) акыркы пайыздык ставка - 0% жылдык;

4) субсидиялоонун ставкасы - 4,0% жылдык;

5) камсыздоо:

- 10000 сомдон 100000 сомго чейин - кепилдиксиз жана күрөөсүз;

- 100001 сомдон 200000 сомго чейин (кошо алганда) - 1 адамдын кепилдиги жана/же кыймылдуу мүлк жана/же кыймылсыз мүлк;

6) жоюу графиги - ай сайын бирдей үлүштөр менен;

7) жеңилдетилген мезгил - 3 (үч) ай;

8) кредит максатсыз пайдаланылган учурда кредитти мөөнөтүнөн мурда толук жоюу кредитти максатсыз пайдалануу актысы түзүлгөн учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат же кредит боюнча пайыздык ставка кредитти максатсыз пайдалануу аныкталган күндөн тартып Банктын өздүк ресурстарынан берилүүчү, Банктын колдонуудагы кредиттик продуктуларынын пайыздык ставкаларына ылайык белгиленет;

9) алынган кредиттик каражаттарды зайымчылардын башка колдонуудагы кредиттерин кайра каржылоого багыттоого тыюу салынат;

10) социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит алуу үчүн документтердин тизмеги:

- "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) жеке маалыматтар жөнүндө маалыматтарды алууга макулдук берүү;

- зайымчынын жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү;

- зайымчынын никеге туруу/ажырашуу жөнүндө күбөлүгүнүн, жубайынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

- кепилдик берүүчүнүн/күрөө берүүчүнүн жана жубайынын паспортунун, никеге туруу/ажырашуу жөнүндө күбөлүгүнүн/кепилдик берүүчүнүн/күрөө берүүчүнүн жубайынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү, "Түндүк" ЭВӨСтөн жеке маалыматтарын алууга макулдук берүү;

- 3 айдан кем эмес ишкердик (эмгек) ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;

- салыктык каттоо жөнүндө/салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу маалымкат;

- күрөө берилген учурда күрөөгө коюлуучу документтер.

17. Айыл чарбасын өнүктүрүү багыты боюнча зайымчылар үчүн (кошумча):

1) малдын башын көрсөтүү менен "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынан маалымкат же мал башын көрсөтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы) маалымкат;

2) жеке көмөкчү чарбасы үчүн курулуштары бар кардарлар боюнча милдеттүү түрдө фотосүрөттөрүн бекитүү менен чыгууга.

Зарыл болгон документтер "Түндүк" ЭВӨС аркылуу алууга мүмкүн болбогон учурда кагаз түрүндө суралат.

18. Зайымчынын акыркы 36 ай ичинде мурда пайдаланылган кредиттер боюнча мөөнөтү өткөрүүнүн саны 60 күндөн ашпоого тийиш (негиздүү себептер болгон учурда). 60 күндөн ашык мөөнөтү өткөндө Covid-19 пандемиясынын жана/же 2022-жылдагы Ош жана Баткен облустарындагы окуялардын учурунда келип чыккан мөөнөттөрдүн өтүүсүн кошпогондо, өтүнмөлөр четке кагылат, мындай учурлар жагдайга жараша жекече каралат.

4. Программаны ишке ашыруунун өзгөчө жоболору

19. Банктар ушул программага ылайык ички жол-жоболорду иштеп чыгууну жана бекитүүнү жүзөгө ашырат.

20. Программаны ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында Банктар кредит берүүнүн шарттарын, ошондой эле пайызсыз кредиттерди алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган мезгилди жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалымат такталарында жана өзүнүн расмий сайттарында жарыялайт. Кредит алууга өтүнмөлөр Банктардын ИЧДнын талаптарына ылайык катталууга тийиш.

21. Банктар пайызсыз кредит берүүгө 200000000,0 (эки жүз миллион) сом тең үлүштө, башкача айтканда Банктардын ар бирине 100000000,0 (жүз миллион) сомдон берүүнү карайт.

22. Программанын алкагында субсидияларды алуу үчүн Банктар жыл сайын КР ЭСКММга кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын жана өткөн жыл үчүн мөөнөтүн көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берет.

23. КР ФМ ушул Программанын алкагында Банктардын пайыздарын субсидиялоо үчүн КР ЭСКММнын каражаттарын кароосу зарыл.

24. КР ЭСКММ субсидиялардын суммасын эсептөөнү эсептик коэффициенттерге ылайык жүргүзөт жана субсидиялардын транштарын Банктарга которуу үчүн тиешелүү жылга финансылык план даярдайт.

25. Субсидиялардын транштары КР ЭСКММ тарабынан тиешелүү жыл аяктаганга чейин республикалык бюджеттин каражаттарынан Банктардын алыш-бериш эсептерине которулат.

26. Программаны ишке ашырууга катышуучу Банктар берилген кредиттер жөнүндө маалыматты КР ФМ жана КР ЭСКММ ай сайын берүүгө милдеттүү.

5. Субсидияларды эсептөө

27. Пайыздык ставкалар боюнча субсидияларды берүүдө Банктардын чыгымдарын жабуу үчүн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери кабыл алынат:

1) субсидиялоо ставкасы жылдык 4%ды түзөт;

2) 36 айлык мөөнөткө берилген кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 6,66 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бөлүгү 2024-жылы 3,38 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 2,49 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 0,79 эсептик коэффициент боюнча которулат.

28. Берилген кредиттер боюнча субсидияларды кошуп эсептөөнү колдонуу үчүн жана кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда субсидияларды кайра эсептөө (кайтарып берүү) үчүн Программа боюнча субсидиялардын коэффициенттерин мөөнөттөрү жана айлары боюнча бөлүп эсептөө КР ФМ тарабынан жүргүзүлөт.

29. Субсидиялоо коэффициенти кредитти берүү мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн, бирок жылдык 4,0%ды түзгөн субсидиялоо ставкасы өзгөрүүсүз калат.

6. Субсидияларды которуу

30. Эсептик формулага ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммалары КР ЭСКММ тарабынан Банктарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан үч транш менен которулат, анын ичинде:

1) биринчи транш - өткөн жыл үчүн Банктар тарабынан иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына субсидиялар ар бир жылдын аягында которулат;

2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;

3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.

31. Программаны ишке ашырууга катышкан Банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин КР ЭСКММга мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө толук маалыматты мөөнөтүнөн мурда жоюуну жүргүзгөн зайымчылардын суммасын, датасын жана санын көрсөтүү менен берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн Банктар мөөнөтүнөн мурда жоюлган кредиттерди алып салуу менен билдирмелерди берүүгө милдеттүү.

32. Программаны ишке ашырууга катышкан Банктар ушул Программанын алкагында кредит берүү боюнча берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

7. Тобокелдиктер жана коркунучтар

33. Программаны ишке ашырууда кредит алуучулар каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар. Аталган тобокелдикти минималдаштыруу Банктар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

34. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда Банктар тиешелүү акт түзүүгө, зайымчыдан кредиттик каражаттардын калдыгын мөөнөтүнөн мурда жоюуну талап кылууга тийиш.

35. Кредит максатсыз пайдаланылган учурда, Банктар зайымчыдан кабарлоо тапшырылган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде кредиттик каражаттардын мөөнөтүнөн мурда жоюуну талап кыла алат. Кредиттик каражаттар көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлбаган учурда, кредит боюнча пайыздык ставка Банктын өздүк ресурстарынан берилүүчү Банктын колдонуудагы кредиттик продуктуларынын пайыздык ставкаларына ылайык белгиленет жана Банктар республикалык бюджетке субсидиянын мурда которулган суммасын толук көлөмдө кайтарып берүүгө милдеттүү.

36. Республикалык бюджеттен мөөнөтүнөн мурда жоюлган кредиттерди субсидиялоо боюнча тобокелдикти минималдаштыруу максатында зайымчылар тарабынан кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда КР ЭСКММ Банктар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларда мөөнөтүнөн мурда жоюлган кредиттер боюнча республикалык бюджеттен алынган субсидиялардын бөлүгүн эсептөөнүн, түзөтүүлөрдүн жана кайтарып берүүнүн механизмин карайт.

37. Банктардын субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында КР ЭСКММ берилген кредиттердин жана каржылоонун максаттуу пайдалануусуна мониторинг жүргүзөт.

8. Максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү

38. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү Банктар тарабынан ички ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.

39. 2 айдын ичинде зайымчылар кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө отчетторду документтердин бирин (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар жана/же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү жөнүндө төлөм документтери жана башкалар), ошондой эле кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарды тиркөө менен берүүгө тийиш.

40. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө зайымчыдан отчет алгандан кийинки 1 айдын ичинде Банктардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери жерине баруу менен текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту тариздөө менен мониторинг жүргүзөт.

41. Мониторингдин көрсөткүчтөрү КР ЭСКММ жана/же аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан талданышы мүмкүн.

42. Форс-мажор, табигый кырсыктар, ошондой эле башка жагдайлар менен байланышкан зайымчылар тарабынан кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдиги келип чыккан учурда Банктар аны минималдаштыруу боюнча чараларды өз алдынча көрөт.

9. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо

43. Кредиттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына баа берүү максатында, Банктар Программаны ишке ашыруунун натыйжалары боюнча 6 ай өткөндөн кийин кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна баа берет жана талдоо жүргүзөт жана КР ЭСКММге төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин) зайымчылардын кредитти максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө жалпыланган маалымат берет:

1) Программаны ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;

2) зайымчылардын кирешелеринин көлөмү.
