Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 1-июлу № 390-т Социалдык жардамдын катышуучуларына алардын ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн социалдык контракттын негизинде пайызсыз кредит түрүндөгү финансылык колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Элдик Банк" жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомдору (мындан ары - "Элдик Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААК) менен бирдикте социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган катышуучулардын ичинен жеке ишкерлерге жана чарбалык субъекттерге пайызсыз кредиттерди берүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү үчүн "Элдик Банк" ААКтын жана "Айыл Банк" ААКтын пайыздык ставкаларын субсидиялоо үчүн 2024-жылга республикалык бюджеттен 6760000,0 (алты миллион жети жүз алтымыш миң) сом бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
- 2024-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыласын, ошондой эле долбоорду кийинки жылдарга каржылоону (транштарды) карасын.
4. "Элдик Банк" ААКка жана "Айыл Банк" ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
- Программаны ишке ашырууга катышкан социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларынан кредит берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине ушул тескемени ишке ашыруу боюнча суралган маалыматты берүү.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- "Элдик Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААК менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
- "Элдик Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААК менен бирдикте Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 15.01.2025 · № 8