# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5357/edition/12203/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам (08.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010122

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 8-июлу № 114 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230010122/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "225," деген цифралар менен толукталсын;

2) 225-беренеде:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "500" жана "1000" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "1000" жана "1500" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"мүлкүн конфискациялоо менен 3000ден 15000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) он төрт жашка чейинки курактагы балдар үчүн арналган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата;

2) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор зыян келтирүү менен;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен 15000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230010122/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 52 (3605) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2024-жылдын 23-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
