# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июнундагы № 20/V "Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июнундагы № 20/V "Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/V
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78035/edition/12082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-июнундагы № 20/V "Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (02.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010043

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 2-июну № 20/V

Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө

2024-жылдын 16-майындагы М.С.Солтонованын “Жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан – “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын,энергетиканын, жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө”катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-беренесинин 2-п.,18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Убактылуу жобосунун 14 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл аймагынын №118 контурдагы жалпы аянты 81000,00 ч.м. жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан – “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын,энергетиканын, жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, кампаларды куруу үчүн багытын которууга макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.

Төрага

К.Б.Сманов
