Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Узун-Кыр айылдык кеңешинин «Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 2-июну № 20/V
Жер участогунун категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
2024-жылдын 16-майындагы М.С.Солтонованын “Жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан – “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын,энергетиканын, жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө”катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-беренесинин 2-п.,18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Убактылуу жобосунун 14 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагынын №118 контурдагы жалпы аянты 81000,00 ч.м. жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан – “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын,энергетиканын, жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, кампаларды куруу үчүн багытын которууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага
К.Б.Сманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон