# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майындагы № 16/III "Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майындагы № 16/III "Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16/III
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78027/edition/12068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-майындагы № 16/III "Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (17.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010027

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 17-майы № 16/III

Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

ЖЧК “Аталык Групптун” 2024-жылдын 17 майындагы № 87 “Узун-Кыр айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке акысыз көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) берүү жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 34 беренесинин 17-пунктуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине ЖЧК “Аталык Групптан” акысыз негизде көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер)алууга макулдук берилсин, жайгашкан дареги: Узун-Кыр айыл аймагы, контур № 198, жалпы аянты 7,7 га,контур №77 жалпы аянты10,1 га

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Б.Сманов
