Узун-Кыр айылдык кеңешинин «Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2024-жылдын 17-майы № 16/III
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
ЖЧК “Аталык Групптун” 2024-жылдын 17 майындагы № 87 “Узун-Кыр айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке акысыз көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) берүү жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 34 беренесинин 17-пунктуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине ЖЧК “Аталык Групптан” акысыз негизде көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер)алууга макулдук берилсин, жайгашкан дареги: Узун-Кыр айыл аймагы, контур № 198, жалпы аянты 7,7 га,контур №77 жалпы аянты10,1 га
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына көп жылдык өсүмдүктөрдү (теректер) айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.Б.Сманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37