# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11/II "А.Сакебаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин алдында жайгашкан бала-бакчасында балдардын тамак-ашына каралган акча каражатын көбөйтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11/II "А.Сакебаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин алдында жайгашкан бала-бакчасында балдардын тамак-ашына каралган акча каражатын көбөйтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/II
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78021/edition/12059/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 11/II "А.Сакебаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин алдында жайгашкан бала-бакчасында балдардын тамак-ашына каралган акча каражатын көбөйтүү жөнүндө" токтому (19.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010019

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 19-апрели № 11/II

А.Сакебаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин алдында жайгашкан бала-бакчасында балдардын тамак-ашына каралган акча каражатын көбөйтүү жөнүндө

А.Сакебаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Б.Ш.Оморованын А.Сакебаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин алдында жайгашкан бала-бакчада балдардын тамак-ашына каралган акча каражатын көбөйтүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесинин, ата-энелердин чогулушунун 2024-жылдын 01-апрелиндеги №1 протоколунун негизинде, азык-түлүк бааларынын кымбатташын эске алып, балдардын тамактануусун уюштуруу, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ар бир баланын тамагы үчүн ай сайын ата-эненин эсебинен түшкөн акча каражаты 100 сомдон бекитилсин

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук коргоо, социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана дин маселелери боюнча комиссияга жүктөлсүн

Төрага

К.Б.Сманов
