# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29684/edition/12051/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (23.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010014

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-июлу № 363 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)

Салык кызматынын органдарынын банктар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесине, ''Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Салык кызматынын органдары менен банктардын, төлөм уюмдарынын/төлөм системасынын операторлорунун ортосунда маалымат алмашуу тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 278 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банктар, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан электрондук өз ара аракеттенүүнүн талаптары жана форматтары бекитилген учурдан тартып 6 айдын ичинде ыйгарым укуктуу салык органы менен маалыматтык системалардын интеграциясын камсыз кылууга милдеттүү деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
