# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 8/II "Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 8/II "Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8/II
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230010013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78018/edition/12050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230010013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 8/II "Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому (19.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230010013

---

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 19-апрели № 8/II

Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 « Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомунун алкагында Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, ошондой эле муниципалдык ишкананын иштөөсү үчүн шарттарды тузүү максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасы үчүн «Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу » долбоору бекитилсин .

2. .«Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу» долбоору Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Төрага

К.Б.Сманов
