# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 340 "Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 340 "Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 340
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009987>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29670/edition/12022/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230009987.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-июлундагы № 340 "Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө" токтому (01.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009987

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 1-июлу № 340

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясынын 21-бөлүгүнүн биринчи абзацын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына алар коюлган жерге барууга жана кайра келүүгө акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:

- аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын жарандарынан аскер көрүстөндөрүнө барууга өтүнүчтөрдү кабыл алуу, кароо боюнча ишти уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына чыгымдардын ордун толтурууну жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
