# Кара-Көл шаардык кеңешинин 2024-жылынын 31-майындагы №165/35-8

- Толук аталышы: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2024-жылынын 31-майындагы №165/35-8
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 165/35-8
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009975>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29657/edition/12002/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2024-жылынын 31-майындагы №165/35-8 (31.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009975

---

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Көл шаардык кеңешинин IIIV чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясынын

2024-жылынын 31- майы № 165/35-8

“« Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын Көк-Бел участкасындагы Кара- Суу суусуна чакан ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндө ”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн, “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 Токтомунун 6-пунктун жетекчиликке алып, Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын башчысы К.А.Таштанкулованын “Көк-Бел Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын Көк-Бел участкасындагы Кара-Суу суусуна чакан ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Н.Кыргызалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХХV сессиясы Токтом кылат:

1. “Көк-Бел Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын Көк-Бел участкасындагы Кара-Суу суусуна чакан ГЭС курууга макулдук берилсин.

2. “Көк-Бел Энерго” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 3 жылдын ичинде Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын Көк-Бел участкасындагы Кара-Суу суусуна чакан ГЭС курулбай турган болсо, бул токтомду жокко чыгаруу маселеси каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), муниципалдык менчик башкармалыгына ( М.С.Курамаев) ), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.

Төрага:

Ч.А. Кимсанов
