# Чалма айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №23/2 "“Чалма” айыл өкмөтү мекемеси менен “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Чалма айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №23/2 "“Чалма” айыл өкмөтү мекемеси менен “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23/2
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230009925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-29612/edition/11958/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чалма айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №23/2 "“Чалма” айыл өкмөтү мекемеси менен “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө" токтому. (30.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230009925

---

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чалма айылдык Кеңешинин кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы 2024-жылдын 26-январы № 23/2 “Чалма” айыл өкмөтү мекемеси менен “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемесин кошуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Чалма айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Чалма” айыл өкмөтү мекемеси жана “Ылай-Талаа” айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен “Ылай-Талаа айыл өкмөтү” болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2.Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы З.Т.Оморовго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.

Чалма айылдык Кеӊешинин төрагасы

А. Кадыркулов
